Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:33

Балдары аскерден качкан ата-энелер Аскердик прокуратурага арызданышты


Балдары аскерден качып кеткен ата-энелер ушу тапта Аскердик прокуратуранын алдында чогулуп турушат. Алар арыз жазып, прокурорго кайрылышканын кабарчыбыз маалымдайт. Кызматынан качып кеткен 15 аскер ата-энеси менен телефон аркылуу гана байланышып, баары бир жерде чогуу турушканын, бирок кайсы жерде экенин айтпай жатканы кабарланууда. Аскерлер прокуратура алардын да дооматтарын угуп, далилдерин көрүп, калыс текшерүү жүргүзүлүшүн талап кылып жатышат.

Бүгүн Кыргызстандын Коргоо министрлиги Бишкек гарнизонунун 41069 аскердик бөлүгүнөн 15 аскер качып кеткенин маалымдады. Тарбия иштери боюнча бөлүмүнүн башчысы Эрнис Эламанов "качып кеткен аскерлер жаңы чакырылган аскерлерди урган, аны жетекчилик билип калгандан кийин качып кетишти" деди.

15 баланын бири Тынычбек уулу Айбектин апасы Анара Абдрахманова "Азаттыкка" келип, баласы "командирлеримдин көрсөткөн кордугуна мындан ары чыдай албайм, муунуп өлгөнгө даярмын" деп айтканын билдирди.

8-декабрда качып кеткен балдар куралсыз кеткени айтылууда. (EBM/RK)

XS
SM
MD
LG