Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:00

Муканова: Коррупция үчүн эч ким соттоло элек


Кылмыш-жаза кодексинде коррупция боюнча 303-берене бар, бирок чындап эле коррупция боюнча соттолгондор Кыргызстанда жок. Бул тууралуу “Азаттыкка” Коррупцияга каршы ишкерлер кеңешинин жетекчиси Нурипа Муканова айтты:

- Коррупция дегенди далилдеген аябай кыйын. Ошондой кылмыштын белгиси бар экенин тастыктап, далилдөөчү маалыматтарды топтоо аябай кыйын. Ошондуктан алигиче соттолгондор жок болуп жатат.

Муканованын айтымында, кызматтык абалдан кыянаттык менен пайдалануу беренеси боюнча соттолгон адамдар бар. Ошол боюнча жумушунан алынган учурлар кездешкен.

Бүгүн Коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнү белгиленүүдө. Кыргызстан дагы эле дүйнөдөгү эң коррупцияланган өлкөлөрдүн катарында калууда. Мындай тыянакка эл аралык Transparency International уюму жүргүзгөн изилдөөнүн жыйынтыгында келишкен. Изилдөөгө катышкан 182 өлкөнүн ичинен Кыргызстан быйыл 164-орунду ээледи. Былтыр да ушундай эле позицияда болчу. Изилдөө мамлекеттик сектордогу коррупциянын деңгээлин аныктайт. (KKs/RK)

XS
SM
MD
LG