Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:25

Ош жана Жалал-Абадда негизги азыктарга баалар бир калыпта


Өкмөткө караштуу антимонополия жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Ош, Баткен облустук бөлүмүнүн башчысы Жанболот Айбашов бул аймактарда азык-түлүк бааларында өзгөрүүлөр жок экендигин билдирди. Ушундай эле маалыматтар Оштогу жана Жалал-Абаддагы кабарчыларыбыздан алынды. Ош шаарындагы базарларда 1 килограмм күрүчтүн баасы 35 сомдон 65 сомго чейин, макарон азыктары 25 сомдон 50 сомго чейин, пахта майы 100 сом, күн карма майы 95 сом, нан 10 сомдон 30 сомго чейин. Жалал-Абаддагы кабарчыбыз да баалардын бир калыпта экенин билдирди. Бир катар маалымат булактары Кыргызстанда, айрыкча Ош жана Жалал-Абад облустарында негизги азыктарга баа жогорулап кеткенин кабарлашкан. (BuS/SE/RK)

XS
SM
MD
LG