Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:16

"Ак Ордо" конушуна электр жарыгы бериле элек


Бишкектин батыш четинде жайгашкан "Ак Ордо" жаңы конушунда электр жарыгы азырынча бериле элек. "Түндүкэлектро" ишканасынан "Азаттыкка" кабарлашкандай, электр энергиясы трансформатордук подстанциянын бузулушуна байланыштуу өчүрүлгөн. Кечке чейин оңдоо иштери бүткөрүлмөк. Адистердин айтымында, күндүн суукташынан улам шаарда электр жылыткычтарын пайдалануу көбөйгөyдүктөн подстанциялар ашыкча басымды көтөрө албай бузулуп калууда. Бир тонна көмүрдүн баасы 4 миң сомдун тегерегинде. (RK)

XS
SM
MD
LG