Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:46

Беларуста "Кесме активисттердин" соту башталды


Беларустун катталбаган "Улуттук большевик" партиясынын мүчөсүнүн үстүнөн сот иши Минскиде башталганын "Азаттыктын" беларус кызматы билдирүүдө. Майда тентектик үчүн айыптаган Яхен Контушту ушул шейшембиде Беларус радио-теле компаниясынын алдына сууга бышкан кесме төккөндүгү үчүн кармалган.

Ал дагы бир активист Улажизлау Лобау менен аталган компаниянын журналисттерин "тең салмктуу, чын, жана өз убагында маалымат берүүгө" чакырган баракчаларды таркатышкан. Бейшемби күнкү сот ишинде Беларус радио-теленин коопсуздук кызматкерлери күбө катары сурак беришти. 18 жашка чыга элек Лобау балакатка жете элек балдардын ишин караган сотко жиберилди. Контуш айып төлөп, бир нече күнгө камалышы мүмкүн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG