Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:25

Качкан жоокерлер прокуратурада көрсөтмө берип жатышат


Коргоо министрлигинин Тарбия иштери боюнча башкармалыгынын жетекчиси Эрнис Эламанов Бишкек шаарындагы №41069 аскердик бөлүктөн качып кетип кайра келген жоокерлер ушул тушта Бишкек гарнизондук прокуратурада көрсөтмө берип жатканын “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, көрсөтмө берип бүткөндөн кийин жоокерлерди госпиталда медициналык кароодон өткөрүшөт жана башка аскердик бөлүккө которушат.

Маевка тарапта жайгашкан №41069 аскердик бөлүктөн 15 бала 7-декабрь түндө качып кетишкен. Бөлүктү таштай качкан балдар офицерлердин ыдыгына чыдабай ушундай кадамга барганын айтышууда. Коргоо министрлиги мындай дооматты четке кагып, апрелде чакырылган 15 бала келгендерине бир ай болгон жоокерлерге кордук көрсөтүп, муну жетекчилик билип калгандан кийин качып кеткен, деп билдирүүдө. (EBM)

XS
SM
MD
LG