Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:42

Келдибеков депутаттык комиссияга көрсөтмө берди


Жогорку Кеңештин спикери Акматбек Келдибеков 10-декабарда төраганын маселеси боюнча түзүлгөн депутаттык комиссияда көрсөтмө берди. Бул тууралуу “Азаттыкка” комиссиянын төрагасы Каныбек Иманалиев билдирди. Келдибеков анда өзүнө коюлган дооматтардын баарын четке какты.

Парламентте Келдибековго ишеним көрсөтпөө маселеси 12-декабрда каралганы жатат. “Ата Мекен” фракциясы 30-ноябрдагы жыйыныда "Келдибеков кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрү менен байланышкан", "мамлекеттик кызматкердин этикасын бузган", "KG номурларды туш келди тараткан" деген өндүү 15 пункттан турган айып коюп, ишеним көрсөтпөө тууралуу чечим кабыл алган. Бул чечимди Социал-демократтар да колдоп, төраганы өз эрки менен кызматтан кетүүгө чакырган болчу.

Төрагага коюлган дооматтарды иликтөө үчүн 7-декабрда ар бир фракциядан бирден депутат кирген комиссия түзүлгөн. (EBM)

XS
SM
MD
LG