Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:24

Ошто Келдибековдун тарапкерлери митингге чыкты


Ош облустук администрациянын алдында Жогорку Кеңештин төрагасы Акматбек Келдибековдун тарапкерлери митингге чыкты. Алар Келдибековду төрагалык ордунда калтырууну жана спикерге ишеним көрсөтпөө тууралуу чечим кабыл алган “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин келишин талап кылууда.

Ош облустук ички иштер башкармалыгын маалымат кызматынан "Азаттыкка" билдиришкендей, чогулгандардын саны 400гө чамалап калды. Мындай нааразылык акциялар буга чейин Алайда да өткөн болчу.

Жогорку Кеңеште Келдибековго ишеним көрсөтпөө маселеси эртең, 12-декабрда парламенттин кезексиз отурумунда каралганы жатат. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG