Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:25

Климаттагы өзгөрүүлөр боюнча жаңы келишим иштеп чыгуу макулдашылды


Түштүк Африкада климаттагы глобалдык өзгөрүүлөр боюнча өтүп жаткан конференцияда 194 мамлекеттин өкүлдөрү климат боюнча жаңы келишим тууралуу сүйлөшүүнү баштайлы деп чечишти. Ал жаңы документ 1997-жылы кабыл алынган Киото протоколунун оордуна иштейт.

Бир өзгөчөлүгү – Киото протоколу жалаң индустриалдык державаларды гана абага чыгарып жаткан булганыч газдын көлөмүн кыскартууга милдеттендирсе, жаңы документ баардык мамлекеттерге ошондой шарт коет.

Индиянын экология министри Жаянти Натараян чечимди “чоң ийгилик” деп атады. “Ар кимибиз ар башка ойдо болгонубузга карабай, акыр аягында тил табышып, мунасага келе алганыбыздын өзү чоң ийгилик, - деди индиялык министр айым. - Баарыбыз бул жерде өзгөчө ийкемдүүлүктү көрсөтө алдык”.

Евробиримдик бул кабарды “тарыхый жетишкендик” катары сыпаттады. Жаңы келишим кечикти дегенде 2020-жылы иштей башташы керек. Азыркы протоколдун мөөнөтү келерки жылы аяктайт, бирок Дурбандагы азыркы жыйында анын мөөнөтү дагы 5 жылга узартылды.

XS
SM
MD
LG