Мамлекеттин эгемендик майрамына карата чыгарылган буйрукка президент Гурбангулы Бердымухаммедов кол койду. Президенттин мунапысы таркала турган адамдардын арасында саясий туткундар да барбы-жокпу, азырынча белгисиз. Адам укугун коргоочу эл аралык уюмдар Түркмөнстандагы кырдаалга көз салып, бийликтер демократиялык реформалардан баш тартып жатышканын айтып келишет. Түркмөнстан эртең көзкарандысыздык майрамын белгилейт.