Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:10

Келдибековдун жактоочулары жол тороону улантышат


Спикер Ахматбек Келдибековду колдогон адамдар Ош - Эркеч-Там жолунун Гүлчө айылына кире беришиндеги бөлүгүн тороону бүгүн да улантканы жатышат. Алай районунун акиминин орун басары Мамашарип Мусаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, жол кечээ кечкурун саат бештер чамасында буулган. Кеминде 50 чамалуу адам Келдибековдун кызматта калышын, ага карата каралоонун токтошун талап кылышып, жолду түн жарымына чукул кайра ачышкан. Жергиликтүү тургундар “Азаттыкка” билдиришкендей, жол кайрадан түшкө чейин саат 10-11лер чамасында буулмакчы.

Ахматбек Келдибековду колдогон нааразылык акциясы кечээ Ош шаарында да өткөн. Уюштуруучулар бул акция бүгүн да уланаарын билдиришүүдө.

Бүгүн парламентте спикер Ахматбек Келдибековдун дарегине айтылып жаткан дооматтарды териштирген депутаттык комиссия маалымат берет. (KKs)

XS
SM
MD
LG