Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:08

Орус президенти кайра шайлоо өткөрүү талабын четке какты


Дмитрий Медведев бул тууралуу Интернеттеги социалдык түйүн – Facebook сайтындагы барагында билдирди. Орус президентинин жазганына караганда, “Конституция боюнча адамдар эркин жыйналганга, өз турумун айтканга укуктуу жана алар муну жасашты. Бирок ал митингдердеги ураан-чакырыктар, билдирүүлөр менен макул эмес”. Ушул жекшембиде Москвада демонстрацияга чыккан миңдеген адам парламенттик шайлоонун кайра өтүшүн жана камактагы демонстранттар бошотулушун талап кылышкан. Нааразылык акциялары Орусиянын башка шаарларында да болгон.

Орус президенти Facebook сайтындагы барагында шайлоо бекеттериндеги ыктымал мыйзам бузуулар жөнүндөгү маалыматтарды текшерүүгө көрсөтмө бергени жөнүндөгү мурдагы билдирүүсүн кайра кайталады.

4-декабрдагы парламенттик шайлоодо бийликтеги “Бирдиктүү Орусия” партиясы кайрадан биринчи орунга чыккан, бирок парламенттен алуучу орундарынын саны мурдагыдан аз болду.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG