Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:55

Приднестровьеде шайлоонун жыйынтыгы чыгарылууда


Өзүн өзү жарыялаган жана эл аралык коомчулук тааныбаган бул республикада жекшемби күнү президенттик шайлоо болгон. Шайлоонун баштапкы жыйынтыктарына караганда, республика парламентинин мурдагы төрагасы Евгений Шевчук добуштардын
39 пайыздан ашуунун, парламенттин учурдагы төрагасы Анатолий Каминский 27 пайыздан ашуунун, ал эми республиканын учурдагы президенти Игорь Смирнов 25 пайыздан ашуунун топтогон.

Бул эми шайлоонун жеңүүчүсү экинчи айлампада аныкталат дегенди билдирет. Ал биринчи айлампанын расмий жыйынтыгы жарыялангандан эки апта ичинде өтүүсү керек.

Приднестровье Молдовадан көз карандысыздыгын 1990-жылдардын башындагы кыска согуштан кийин жарыялаган. Бирок Орусия же башка өлкөлөр тарабынан көз карандысыз мамлекет катары таанылган эмес.

XS
SM
MD
LG