Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:27

Жалал-Абад: Тергөөчүнү прокуратура кызматкери көзөмөлдөйт


Жалал-Абаддын Базар-Коргон, Ноокен райондорунда жана Каракөл шаарында кылмыш ишин иликтеп жаткан тергөөчүнүн үстүнөн көзөмөлдөө үчүн прокуратуранын өкүлү бөлүнүп берилет. Мындай чечим кабыл алынганын бүгүн Баш прокуратуранын маалымат казматынан кабарлашты. Сыноо ирээтинде киргизилип жаткан бул жаңы ыкма кыйноолорду алдын алууга көмөктөшөөрү айтылууда. Буга чейин Жалал-Абад, Майлуу-Суу шаарларында жана Базар-Коргон районунда ички иштер органдарынын имараттарында видеокөзөмөл камералары орнотулган. Укук коргоочулардын айтымында, Жалал-Абад облусундагы тергөө абактарында, убактылуу кармоочу жайларында камалгандарды кыйноо фактылары көп кездешет. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG