Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:08

Баткен: Чек арада атылган октон бир жаран жарадар болду


Өткөн жумада кыргыз-өзбек чек арасында атылган октон Баткендин бир тургуну жаракат алганы бүгүн ачыкка чыкканын аймактагы кабарчыбыз билдирди. Облустук бийликтен бүгүн алынган маалыматка караганда, алгач жергиликтүү милицияга Баткен районундагы Чоң-Гара айылынын тургундары: 25 жаштагы Асан Жаныбек уулу менен 24 жаштагы Топчубай Каримов дайынсыз жоголуп кеткени тууралуу кабар түшкөн. Жакындары алар талаага отун тергени кеткен бойдон кайра үйгө келбегенин айткан.

8-декабрда болсо Өзбекстандын Кокон чек ара бөлүгүнөн Баткен чек ара бөлүгүнө Кыргызстандын бир жараны чек арадагы зым тосмону бузуп жаткан жеринен бутуна ок тийип, жаракат алганы, ал Топчубай Каримов аттуу жаран экени аныкталып, учурда Кокон шаарындагы ооруканада жатканы тууралуу кат түшкөн. Катта дагы бир жаран чек арадан Кыргызстандын аймагын көздөй качып кеткени белгиленген.

Облустук бийлик болсо бул окуя боюнча чек арачылардын жергиликтүү деңгээлдеги сүйлөшүүлөрүнөн майнап чыкпагандыктан маселени териштирүү өтүнүчү менен Кыргыз өкмөтүнө, Тышкы иштер министрлигине кат жолдоду. А өзбек тарап качып кетти деген экинчи жаран - Асан Жаныбек уулунун дайыны дале белгисиз. Учурда аймактагы кабарчыбыз Жеңиш Айдаров Чоң-Гара айылына барып, окуяны иликтөөгө киришти. (SM)

XS
SM
MD
LG