Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:07

Ош шаарынын милициясы күчөтүлгөн тартипке өткөн жок


Ош шаардык милициясы күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өткөн жок. Шаар тынч. Бул тууралуу Оштон кабарчыбыз маалымдайт. Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибековдун тарапкерлери өткөрүп жаткан митингге байланыштуу гана шаардын борбордук аянтынын четки көчөлөрүндө бир аз унаа тыгыны пайда болду.

Беш жүздөй адам Ошто митинг өткөрүп, Келдибековду негизсиз каралоону токтотууну талап кылышууда.

Келдибековдун 60га жакын тарапкери бүгүн парламенттин алдында митинг өткөрүп жатышат. Ош облусунда 100дөй адам Гүлчөгө бараткан жолду буушту.

Бүгүн Жогорку Кеңеште "Ата Мекен" фракциясынын демилгеси менен спикер Келдибековго ишеним көрсөтпөө маселеси талкууланууда. (SE/RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG