Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:18

Иманалиев: "Ата Мекендин" Келдибеков боюнча айткандарынын көбү негиздүү


Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын төрага Ахматбек Келдибеков боюнча айткан 13 айыптоосунун 11и негизделген. Бул тууралуу бүгүн Келдибеков боюнча айыптардын канчалык деңгээлде негиздүү экенин териштирген депутаттык комиссиянын жетекчиси Каныбек Иманалиев билдирди. Анын айтымында, Келдибеков дайындаган кеңешчи жана башка кадрларынын арасында кылмыштуу топтор менен байланыштуулары бар. Ал "кылмыш дүйнөсүнүн аталыгы" атыккан Камчы Көлбаев менен жолукканы чын. Дубай, Стамбул жана Астрахань шаарларына мамлекеттик күзөтчүсүз барып келген. Чоң делегациянын коштоосунда Малайзияга жасаган расмий сапары өзүн өзү актаган эместиги да айтылды.

Бүгүн парламент "Ата Мекен" фракциясынын демилгеси менен Келдибековго ишеним көрсөтпөө маселесин талкууламак. Бирок жыйынды кайсы вице-спикер алып барышы керектиги тууралуу маселе талашка түшүп, талкуу дагы эле баштала элек.

Төрага Келдибеков өзүнө айтылган айыптоолордун негизсиз экенин жана бул боюнча сотко кайрылаарын айткан. Анын пикиринде, бул ызы-чуу спикерлик кызмат талашына байланыштуу пайда болууда. (EBM/RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG