Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:26

Орусиянын президенти жаңы шайлоо талабын четке какты


Фейсбуктагы өз баракчасында Дмитрий Медведев бирок 4-декабрдагы шайлоонун өксүктөрүн текшерип чыгууга буйруганын жазды.

Бийликтеги Бирдиктүү Россия партиясы парламенттик шайлоодо эң көп добуш алды деп жарыяланган.

10-декабрда он миңдеген киши Москвада жана башка шаарларда демонстрацияга чыгып, парламенттик шайлоону кайра өткөрүүнү талап кылышты.

Оппозиция өкүлдөрүнүн бири Борис Немцов Медведевдин Фейсбуктагы билдирүүсүн «шылдыңдоо» деп четке какты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG