Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:46

Сирияда толкундоого карабастан муниципалдык шайлоо өтүп жатат


Өлкө боюнча жергиликтүү кеңештердеги 17 миңден ашык мандат үчүн дээрлик 43 миң талапкер ат салышууда.

Оппозиция шайлоону бойкоттоого чакырган, ошондой эле абал тынч болбогондуктан, добуш берүүгө аз киши келет деп болжолдонууда.

Соңку күндөрү армиядан качкан дезертирлер менен коопсуздук күчтөрүнүн ортосунда кагылыштар күч алганы кабарланууда.

Бириккен Улуттардын эсебинде, президент Башар ал-Асаддын бийлигине каршы сегиз айдан берки толкундоолордо төрт миңден ашык кишинин набыт болду.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG