Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:40

Жогорку Кеңеш төрага маселесин бир жаңсыл кылууну чечти


Жогорку Кеңеш төрагасы Ахматбек Келдибековго байланышкан маселени караган парламенттин кезексиз отуруму бүгүн эртеден бери улам танапис жарыяланып отуруп, кечки алтыга чукул кайра уланды. Депутаттар иш күнү аяктап калганына карабай маселени биротоло аягына чыгарууну чечти. Учурда төрага Келдибеков депутаттардын суроолоруна жооп берүүдө.

Парламенттин бүгүнкү күн тартибине Келдибековго ишеним көрсөтпөө маселеси коюлган. Анын демилгечиси - "Ата Мекен" фракциясы. Бүгүнкү жыйында төрагага коюлуп жаткан дооматтарды териштирген депутаттык комиссиянын маалыматы угулуп, комиссия башчысы Каныбек Иманалиев "Ата Мекен" фракциясынын спикерге койгон 13 айыптоосунун 11и негиздүү экенин айтты. Анын айтымында, Келдибеков дайындаган кеңешчи жана башка кадрларынын арасында кылмыштуу топтор менен мамилелештери бар.

Төрага Келдибеков мындай айыптоолордун негизсиз экенин жана бул боюнча сотко кайрылаарын айтып келет. (SM)

XS
SM
MD
LG