Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:49

Келдибеков кызматтан кетти


Ахматбек Келдибеков Жогорку Кеңештеги эртеден бери созулган териштирүүнүн соңунда, өзү жазган арызынын негизинде кызматтан кетти. Анын билдирүүсүн вице-спикер Бакыт Төрөбаев парламенттин жыйынында окуду. Келдибековдун бул кадамы коалициялык көпчүлүктүн таркашына байланыштырылып, анын коомдо туруктуулукту сактоо аракети менен түшүндүрүлдү.

Бүгүнкү териштирүүнүн жыйынтыгында 103 добуш менен токтом кабыл алынды. Ал токтомго ылайык, Келдибеков өз ыктыяры менен арыз жазгандыктан жана ага коюлган дооматтардын айрымдары негиз таппагандыктан убактылуу депутаттык комиссиянын жыйынтыгын териштирүү токтотулду.

30-ноябрда “Ата Мекен” фракциясы "Келдибеков кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрү менен байланышкан", "мамлекеттик кызматкердин этикасын бузган", "KG номурларды туш келди тараткан" деген өндүү 15 пункттан турган айып коюп, ага ишеним көрсөтпөө тууралуу чечим кабыл алган. Бул сунуш өткөн аптада парламенттин күн тартибине киргизилип, дооматтарды териштирүүчү атайын комиссия түзүлгөн.

Бул комиссиянын жыйынтыгы Жогорку Кеңештин бүгүнкү талкуусуна коюлуп, фракциялар ортосунда кайчы пикирлерге себеп болду.

Ахматбек Келдибековду колдогон нааразылык акциялары бүгүн Ош шаарында уланды. Келдибеков парламенттин жыйынын соңунда сөз сүйлөп, коюлган дооматтарды мойнуна алган жок. (KKs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG