Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:47

Качкан аскерлер боюнча кылмыш иштери козголду


15 аскердин кызмат өтөгөн бөлүгүн таштап качканы боюнча Бишкек аскер гарнизонунун прокуратурасы кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу “Азаттыкка” Коргоо министрлигинин тарбия иштери боюнча башкармалыгынын жетекчиси Эрнис Эламанов билдирди:

“Бул балдар кетип калганы үчүн жана өздөрүнөн кичүү аскерлерге ыдык көрсөткөнү үчүн иш козголду. Сабады, кыйнады деген офицерлер боюнча да текшерүүлөр болуп жатат. Ал боюнча да кылмыш иши козголду. Баардык күнөөлүүлөр өзүлөрүнүн жазасын алышат”,-деди Элеманов.

Маевка тарапта жайгашкан №41069 аскердик бөлүктөн 15 бала 8-декабрь таңда качып кетишкен. Бөлүктү таштай качкан балдар офицерлердин ыдыгына чыдабай ушундай кадамга барганын айтышкан. Коргоо министрлиги мындай дооматты четке кагып, апрелде чакырылган 15 бала келгендерине бир ай болгон жоокерлерге кордук көрсөтүп, муну жетекчилик билип калгандан кийин качып кеткен деп билдирген. Качкан аскерлерге күч колдонулуп, колдонулбаганын аныктоочу экспертизанын жыйынтыгы азырынча белгисиз. (KKs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG