Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:48

Сириядагы жаңжалда мерт кеткендер 5000ден ашты


Бул тууралуу БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Нави Пиллай Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрүнө жабык жыйынында маалымат берген учурда билдирди. Анын айтымында, жаңжалда өмүрү кыйылгандардын кеминде 300дөйү жаш балдар, мындан сырткары миңдеген адам камак жайларында отурат.

Сирияда президент Башар Ассаддын режимине каршы элдик толкундоо башталганына тогуз айдын жүзү болуп калды.

Германия тышкы иштер министри Гидо Вестервелленин Нью-Йорктон айтканына караганда, азыр Коопсуздук кеңеши Сирияга каршы чара көрөт турган учур келди:

-Менимче, Коопсуздук кеңешинде али тайсалдап турган мамлекеттер көз карашын өзгөртүүсү керек. Мен Сириядагы ырайымсыздыктар жөнүндө укканда шок болдум. Беш миң жөн-жай, эркиндикти жана адам укуктарын талап кылган жарандардын өмүрү кыйылган. Менимче, азыр эл аралык коомчулук үчүн орток тил, Коопсуздук кеңешине жооп таап, ырайымсыздыкты жана репрессияларды айыптай турган учур.

Нави Пиллай Коопсуздук кеңешин адамзатка каршы ыктымал кылмыштарды иликтөө үчүн Сириянын маселесин Эл аралык Кылмыш сотуна өткөрүүгө чакырды.

Сириянын БУУдагы элчиси Башар ал-Жафари болсо БУУнун адам укуктары боюнча комиссары баяндамасын Сириядан качкандардын маалыматына таянуу менен өз кызмат-милдетин бузуп жатканын белгиледи.

БУУнун Коопсуздук кеңешинин Сириядагы кан төгүүнү айыптаган жана Батыш өлкөлөрү колдогон резолюциясына Кытай менен Орусия өткөн айда вето салган эле.

XS
SM
MD
LG