Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:51

АКШда “Уолл Стритти ээле” кыймылы порттордун ишин үзгүлтүккө учуратты


Кыймылдын активисттери АКШнын Батыш жээгиндеги бир нече портко жүрүш жасашты. Натыйжада Окленд (Калифорния штаты), Портленд (Орегон штаты), Лонгвью (Вашингтон штаты) порттук терминалдарынын иши үзгүлтүккө учураган.

Буга чейин полиция “Уолл Стритти ээле” кыймылынын Батыш жээктеги ири шаарларда чатырлардан турган лагерлерин бузган болчу. Активисттер эми нааразылык билдирүүнүн жаңы түрүн издеп жаткандай.

“Уолл стритти ээле” кыймылы быйыл сентябрдан бери ири корпорацияларга каршы чыгып, экономикалык теңсиздикке нааразылык билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG