Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:23

Оштогу митингчилер Келдибековдун келишин күтүп жатышат


Ошто Ахматбек Келдибековдун тарапкерлеринин митинги бүгүн да улана баштады. Кабарчыбыздын маалымдашынча, шаардын борбордук аянтында чогулгандардын саны 300-400дөй адам. Алар Келдибековдун келишин күтүп жатышат.

12-декабрда парламенттеги төрагага ишеним көрсөтпөө маселеси боюнча талкуудан кийин Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибеков бул кызматтан 14-декабрдан тарта өз ыктыяры менен кете турганы айтылган.

Келдибековдун тарапкерлери кечээ Ошто, Бишкекте нааразылык акцияларды уюштуруп, аны негизсиз каралоо жүрүп жатканын айтышкан. Алайдагы Гүлчө айылына кетчү жол да буулган. (ErN/RK)

XS
SM
MD
LG