Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:07

Мендес: Кээ бир абактарды жабыш керек


Кыргызстанда бир апталык иш сапар менен болгон Бириккен Улуттар Уюмунун кыйноолор боюнча баяндамачысы Хуан Мендестин пикиринде, өлкөдө айрым абактарды жабыш керек. Себеби алардагы адамдарды кармоо шарттары өтө эле начар, жашоого дээрлик мүмкүн эмес.

Мендес Кыргызстандын жетекчилигинин чакыруусу менен келген. Жыйынтык баяндамасын жазгандан кийин өлкөдө камакка алынгандарды кыйноону токтотуу боюнча сунуштарын берет. Бүгүн Бишкекте өткөн маалымат жыйынында ал Кыргызстанда кыйноолор кеңири тараган көрүнүш экенин айтты. Билдиришинче, көбүнчө милиция кызматкерлери кылмышка шектүүлөрдү кармаган алгачкы сааттарда жана суракка алган учурда кыйнашат.

Хуан Мендес бир апта ичинде тергөө абактарын, убактылуу кармоочу жайларды жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө изоляторун, жалпысынан 15 жабык жайды кыдырып чыкты. (KE/RK)

XS
SM
MD
LG