Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:59

Тажикстанда шийи мааракеси өткөн мечиттин иши чектелди


Диндер боюнча Мамлекеттик комитет баш калаа Дүйшөмбүнүн жанындагы Мухамадия мечитинин имамын алмаштырып, келерки үч айда күнүгө беш жолудан намаз окула турган чоң мечит катары гана иштейт деген бүтүм чыгарды.

Үч айдан кийин мечиттин макамы эмне болоору белгисиз. Таанымал саясатчы Кожо Акбар Туражонзоданын үй-бүлөсү тейлеген бул мечитте 6-декабрда шийи мусулмандары белгилеген Ашура мааракеси өткөн.

Мааракеге байланыштуу Туражонзода менен Тажикстандын диний ишмерлер кеңешинин ортосунда талаш чыккан. Тажиктердин көбү сунилер жана алар Ашураны белгилешпейт.

XS
SM
MD
LG