Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:00

Хюман Райтс Уотч: Өзбекстанда түп-негиз укуктар тепсендиде


"Хюман Райтс Уотч" укук коргоо уюмунун жаңы отчетуна ылайык, Өзбекстанда айрым өзгөрүүлөр болгону менен, Ташкен бийликтери өз жарандарынын эң жөнөкөй укуктарын камсыз кыла алган жок.

Бүгүн жарык көргөн отчетто айтылгандай, өлкөдө кыйноо кеңири тараган көрүнүш бойдон, укук коргоочулар узак мөөнөттөргө кесилип, түрмөлөрдө жатат, адвокаттарды коркутуп, иштетишпейт.

Отчет 2009-2010-жылдары "Хюман Райтс Уотч" Өзбекстанда жүргүзгөн 100дөн ашык киши менен маектерге негизделген.

Уюм Өзбекстандагы укук бузууларга карабастан, коңшулаш Ооганстандагы НАТО аскерлерине керек-жарак ташуунун айласынан Кошмо Штаттары, Европа Биримдиги жана европалык айрым өкмөттөр соңку жылдары Ташкен өкмөтүнө карата мамилесин жумшартып жатышкандыгын айыптайт.

XS
SM
MD
LG