Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:47

Ажылыктын жыйынтыгы боюнча отчет даярдалууда


Муфтияттын басма сөз катчысы Максат Мамбеталиевдин “Азаттыкка” кабарлашынча, быйылкы ажылык сапардын каржы чыгымдары боюнча маалыматтык баяндама даярдалууда. Учурда Сауд Арабиясына чейин ажыларды жетектеп барган ажы башчылар четинен өз отчетторун тапшырып жатышат. Жыйынтыгында, зыяратчылар сапар маалында канча акчаны кайсы багытта сарптаганы кеминде 500 барактан турган отчетто орун алмакчы. Бул баяндаманы жылдын аягына чейин бүткөрүү максат кылынууда. Быйылкы ажылык сапар декабрдын башында аяктаган. (KKs)

XS
SM
MD
LG