Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:04

Текебаев сотто көрсөтмө берип жатат


Апрель окуялары боюнча соттук териштирүүдө Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери, Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Өмүрбек Текебаев сурак берип жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жогорку Соттун маалымат катчысы Бактыбек Рысалиев билдирди. Буга чейин мурунку убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Темир Сариев, Азимбек Бекназаров жана Эмил Каптагаевдер күбө катары чакырылган.

Апрель окуялары боюнча сотто күбөлөрдү жана жабырлануучуларды суракка алуу уланууда. Учурда 200гө жакын адам жабырлануучу катары көрсөтмө берип бүттү. Жалпысынан 300дөй адам суралышы керек. 2010-жылы 7-апрелде Бишкекте Ак үйдүн алдындагы кандуу окуя боюнча мурунку президент Курманбек Бакиев баштаган 20дан ашык адамга айып тагылган. (EBM)

XS
SM
MD
LG