Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:18

Бишкек: мектептерде акча жыйноону тыюу башталды


Бул тууралуу Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Айнагүл Ниязова бүгүн маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, 40тан ашык мектептин деректири сөгүш алды, дагы 7 мектептин башчысы кызматтан кетти. Ниязова мектептердеги ата-энелер түзгөн колдоо фонддун курамын өзгөртүү каралып жатканын, анткени ал фондго кирген ата-энелер мектеп деректирлери менен биригип алып, коррупциялык схемаларды түзүп алышты деп айтты.

Буга чейин бир катар бейөкмөт уюмдар жана ата-энелер мектептерде ыксыз акча жыйноо көбөйгөнүн айтып даттанышкан болчу. Бишкекте жалпысынан 93 орто мектеп, 79 бала бакча бар. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG