Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:51

Бельгияда куралдуу кол салуунун себептери иликтенүүдө


Куралдуу кол салуу кечээ Льеж деген шаарда болгон. Андан кол салган адамдын өзүн кошкондо 4 киши каза таап, соңку маалыматтарга караганда, жүздөн ашуун киши жаракат алды. Каза тапкандардын
бири - бир жарым жаштагы наристе. Куралдуу адам автоматтан ок чыгарып, шаардын борборунда граната ыргыткан. Кол салууга күбө болгон Ольиве ысымдуу тургун кабарчыларга буларды айтты:

- Мен шаардын борборунда элем. Бир убакта кандайдыр бир жигит Калашников автоматын алып чыгып жатканын көрдүм. Ал адамдарды ата баштады. Андан кийин гранаталар жарылды. Бул автобустун аялдамасында болду. Баары дүрбөлңгө түшүштү.

Кол салуунун себептери азырынча аныктала элек, бирок Бельгиянын ички иштер министрлигинин билдиргенине караганда, бул терракт эмес.

Полиция кол салган адамдын ысымын Нордин Амрани деп атады. Отуз үч жаштагы Амрани 2008-жылы ок атуучу куралды мыйзамсыз сактаганы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылган экен.

Льеж шаарынын прокурорунун кабарчыларга айтканына караганда, Амрани полициянын колунан өлгөн жок. Ал өз жанын өзү кыйдыбы же башка жагдайда каза таптыбы, бул белгисиз.

XS
SM
MD
LG