Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:45

Москвадагы кароосуз 2 кыргызстандык наристе мекенине келет


Социалдык коргоо министрлигинин маалымат катчысы Венера Жунусованын “Азаттыкка” билдиришче, 15-декабрда Орусиянын Москва шаарында кароосуз калган кыргызстандык эки наристе Бишкекке алып келинет. Алардын бирөөсү бир жаштан ашты жана анын энеси учурда Москвада убактылуу кармоочу жайда отурат, экинчиси болсо энеси баш тарткан тогуз айлык наристе. Ал Москвада балдар үйүндө тарбияланып жаткан. "Бир жаштан ашкан бала кургак учук менен ооруйт, Бишкекке келери менен ооруканага жаткырылат", - дейт Жунусова. Анын айтымында, кыргыз өкмөтү чет өлкөлөрдө кароосуз калган балдарды мекенине алып келүүнү биринчи жолу жүргүзүп жатат. Ушу тапта Орусияда багар-көрөрү жок калган кыргызстандык балдардын саны такталып, аларды алып келүү аракеттери көрүлүүдө. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG