Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:23

Төрт-Күлдө алыскы жайытка кетчү жол оңдолууда


Ысык-Көл облусундагы Тоң районуна караштуу Төрт-Күл айыл өкмөтүндө алыскы жайытка кетчү Көк-Булак - Ашуу-Төр жолунун 7,5 чакырымы оңдолду, 10 көпүрө калыбына келтирилди. Бул иштерге ПРООНдун “Табыгый кырсыктар тобоокелчилигин башкаруу” программасынан 225 миң сом берилди. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган уюмдун адиси Энвер Сүйөркулов билдирди. Анын айтымында, бул жол Советтер Союзу тарагандан бери таптакыр каралбай калган. Натйыжада чабандар Сырт өрөөнүндөгү 25 миң гектар жайытын пайдалана албай келишкен. Жол оңдолгондон кийин быйыл 30дан ашуун чабан 15 миңдей кой-эчки, 8 миңге чукул бодо малы менен алыскы жайлоого барып келишти. Бул жол менен Тоң районундагы Күнчыгыш жана Болот Мамбетов атындагы айыл өкмөттөрдүн чабандары да жайлоого чыгат. (EBM)

XS
SM
MD
LG