Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:47

Ошто 984 аялга “Мээримдүүлүк” медалы берилди


Бүгүн Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы Ооганстандагы апааттын катышуучуларынын жубайларына жана апаларына “Мээримдүүлүк” медалы тапшырылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ооган согушу ардагерлеринин республикалык кенешинин орунбасары Тыныбек Кадыров билдирди. Анын айтымында, бул медал аялдардын Ооган согушу мезгилиндеги сабырдуулугу үчүн ыйгарылууда. Мындай медал менен түштүк жергесиндеги 984 айым сыйланды. Буга чейин ушундай эле иш-чара Бишкекте өткөн. Ооган согушуна Кыргызстандан 7 миңден ашуун жигиттер барган. (SE)

XS
SM
MD
LG