Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:21

Аба ырайы: маал-маалы менен кар жаайт


15-декабрда Кыргызстанда маал-маалы менен кар жаайт, айрым жерлерде кардын жаашы күчөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир аймактарын туман каптайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, ал эми Ысык-Көл ойдуңунда 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…-5 градус суук.
Талас облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз -1…-6 градус суук.
Баткен облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз -2…+3 градус жылуу.
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…-7, күндүз -2…+3 градус жылуу.
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз -1…-2 градус суук.
Нарын облусунда түнкүсүн -17…-22, күндүз -11…-16 градус суук.

Бишкекте 15-декабрда маал-маалы менен кар жаайт. Туман капташы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -5... -7, күндүз -1... -12 градус суук болот. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG