Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:12

Грызлов депутаттык мандаттан баш тартты


Мамлекеттик думанын спикери Борис Грызлов депутаттык мандаттан баш тартууну чечти. Бирок ал башкаруудагы “Бирдиктүү Россия” партиясынын жогорку кеңешин жетектөөнү уланта берет. Саясатчы көздөгөн максаттардын көбү ишке ашканын айтып, төрагалык кызматты 2 мөөнөттөн көп убакыт ээлөө туура эмес болуп калаарын белгиледи. Грызлов “президент аныктаган кызматта иштөөгө даярдыгын” билдирди. 6-чакырылыштагы Мамлекеттик думаны соңку шайлоодо жеңиши расмий таанылган “Бирдиктүү Россия” партиясынын мүчөсү жетектейт. Парламенттин төмөнкү палатасынын алгачкы жыйыны 21-декабрда өтөөрү болжолдонууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG