Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:57

Кыргызстан четте кароосуз калган балдарын алып келе баштады


Социалдык коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, бүгүн кечке жуук Орусиянын Москва шаарында кароосуз калган кыргызстандык эки наристе Бишкекке алып келинет. Натыйжада чет өлкөлөрдө кароосуз калган балдарды мекенине алып келүү демилгеси алгачкы жолу ишке ашканы жатат. Москвадан келе турган наристелердин бирөөсү бир жаштан ашты жана анын энеси учурда Москвада убактылуу кармоочу жайда отурат, экинчиси болсо энеси баш тарткан тогуз айлык наристе. Ал Москвада балдар үйүндө тарбияланып жаткан. Министрлик бул демилге алдыда уланарын билдирүүдө. (KKs)

XS
SM
MD
LG