Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:30

Абактардагы ачкачылык уланууда


Кыргызстандагы жети түрмө жана эки тергөө абагында жарыяланган ачкачылыкка байланыштуу Жаза аткаруу кызматы күчөтүлгөн тартипке өттү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз катчысы Жолдошбек Бусурманкулов “Азаттыкка” кабарлады. Соңку маалыматтарга ылайык, абактарда абал тынч болгону менен тамактан баш тартуу дале уланууда.

Абактардагы ачкачылык 13-декабрда башталган. Расмий маалыматка ылайык, абактагылар кармоо шартын, азык-түлүк менен камсыздоону жакшыртуу талаптары коюлууда. Жаза аткаруу кызматы абактардагы соңку кырдаал Кыргызстандагы спикерлик кызматтын айланасындагы соңку жагдайга байланышы болушу мүмкүндүгүн, бирок бул жүйөө тастыктала электигин билдирүүдө. (KKs)

XS
SM
MD
LG