Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:00

Биржаларда балуу кагаздардын, мунайдын, алтындын баасы төмөндөдү


Талдоочулар муну Европадагы карыз кризис боюнча жаңы кооптонуулар менен байланыштырууда. Европанын бирдиктүү акчасы – евронун америкалык долларга карата курсу да түшүп, кечээ январдан бери биринчи жолу бир евро бир доллар отуз центтен азга бааланды. Биржалык индекстер болсо АКШда, Германияда, Францияда төмөндөдү.

Алтындын бир унцийинин баасы АКШнын базарында акыркы эки айдан бери биринчи ирет 4%га арзандап, 1600 доллардан ылдый болду. Кара майдын баасы болсо 5%га арзандап, соода баррелине 95 доллардын тегерегинде жабылды.

Кабарларга караганда, эл аралык базарлардагы белгисиздиктерге Евробиримдиктин лидерлери карыз кризисин жөндөө боюнча өткөн аптадагы саммитте жетишилген жаңы макулдашууларга карабай, комплекстүү чечимди тапкан жок деген жаңы кооптонуулар шыкак берүүдө.

Евробиримдиктин өткөн аптадагы саммитинде евроаймактын өлкөлөрү бюджеттерин тең салмакташтырышын камсыздоого багытталган катаал чараларды көрүү чакырыгы айтылган.

XS
SM
MD
LG