Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:53

Пакистан президенти ооруканадан чыкты


Асиф Али Зардари Дубайдын ооруканасынан чыгып, бирок Дубайдын өзүндө эле виллага жайгашканын анын өкүлү билдирди. Президенттин мекенине качан кайтары жөнүндө маалымат жок.

Элүү алты жаштагы Зардари өткөн аптада ооруп калган. Анын дарылануу үчүн Пакистандан сыртка кетиши президент кызматтан чегинүүсү мүмкүн деген ушак-айыңдар менен коштолду. Мурдараак президентке анын жакын жардамчысы аскерий жетекчилердин таасирин азайтуу үчүн АКШнын жардамын алууга аракеттенди деген маалыматтарга байланыштуу кысым көргөзүлүп жатканы айтылган.

Зардари президенттик кызматта 2008-жылдан бери турат. Ал - Пакистандын 2008-жылы өлтүрүлгөн мурдагы премьер-министри Беназир Бхуттонун жубайы.

XS
SM
MD
LG