Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:21

Косово президенти Орусия жардамы эл аралык эреже менен келүүсү керек деп эсептейт


Республикада көпчүлүктү түзгөн албандардын өкүлү болгон президент Атифете Яхьяга Орусиядан косоволук сербдерге багытталган гуманитардык жардамдын келишине байланыштуу Вашингтондо жүргөн жеринен айтты. Орусиянын жүгүн салган автоунаалардын колоннасы Косовонун Сербия менен чегиндеги Яринье көзөмөлдөп-өткөрүү бекетинен эл аралык полиция тарабынан токтотулган.

Полициянын өкүлдөрү орус тарап колонна коштолуусуна макул болушу керектигин же болбосо Косовонун полициясы көзөмөлдөгөн башкы бекет аркылуу өтүүсү керектигин билдирүүдө.

Сербия, Косоводогу сербдердин көпчүлүгү сыяктуу эле Орусия да Косовонун көз карандысыздыгын тааныбай келүүдө. Косово көз карандысыздыгын 2008-жылы жарыялаган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG