Дээрлик тогуз жылга созулган согуштун аякташынын символикалык белгиси катары президент Барак Обама Ирактан акыркылардан болуп чыккан аскерлер тобу менен жолукту.
Түндүк Каролинадага Форт-Брэгг базасында жоокерлер алдында сүйлөп, Обама “өлкөнүн жана аскер кызматчылардын турмушундагы тарыхый учурду” баса көргөзгүсү келерин айтты:
- Силердин башкы кол башчыңар катары, бул кең пейил элдин атынан акыр аягында төмөнкү эки сөздү айтып жатканыма сыймыктанам, мен билгенден буга силердин үй-бүлөңөр да кошулат: Үйүңөргө кош келдиңер, үйүңөргө кош келдиңер.
АКШ президентинин билдиргенине караганда, Ирактагы согуш өлкөгө бир триллион доллардан ашуун каражатка турду. Ирактан аскерлердин чыгарылышы менен Обама 2008-жылы президенттикке шайлануусуна жардам берген убадасын аткарды. Согушта АКШ төрт жарым миңден ашуун жоокерин жоготту. Акыркы америкалык аскер Ирактан алдыдагы бир нече күндүн ичинде чыгып кетет.