Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:11

Коалиция боюнча сүйлөшүүлөр аяктап калды


Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков коалициялык көпчүлүк куроо боюнча сүйлөшүүлөрү дээрлик аяктаганын, анын жыйынтыгы боюнча эртең маалымат берилерин “Азаттыкка” билдирди. Бирок кайсы фракция оппоизцияда калаарын азырынча айтуу эрте деп белгиледи. "Коалициялык көпчүлүк куралгандан кийин, өкмөт башчы “жумшак рейтинг” аркылуу танадалат", - дейт Турсунбеков.

Буга чейин КСДПнын сунуштарына “Республика” менен “Ар-намыс” фракциялары макул экени кабарланган. “Ата Мекендин” төрагасы Өмүрбек Текебаев коалицияга чакырган расмий сунушту ала электигин айткан.

Президент Алмазбек Атамбаев коалиция куроо мандатын КСДПга 8-декабрда тапшырган болчу. Мыйзамга ылайык мандат тапшырылгандан кийин 15 күндүн аралыгында коалициялык көпчүлүк түзүлүшү керек. (EBM)

XS
SM
MD
LG