Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:54

Талас: студенттер окуу акысын азайтууну талап кылды


Бүгүн Талаc мамлекеттик университетинин 300дөй студенти митингге чыгып, окуу акысын азайтууну талап кылышты. Аймактагы кабарчыбыз Мирбек Айтикеевдин билдиришинче, алар окуу акысы быйыл 16 миңден 21 миң сомго чейин көтөрүлгөнүнө нааразы болуп жатышат. Студенттер инфляциянын мыйзамына ылайык, акы 8 гана пайыз жогорулашы керектигин, бирок окуу жайдын жетекчилиги болсо дароо 31-36 пайыз көтөрүп салганын айтышууда.

Окуу жай жетекчилиги кыргыз өкмөтүнүн мугалимдердин айлыгын эки эсе жогорулатуу токтомуна жараша окуу акысы көбөйгөнүн жүйөө кылышууда. Ошондой эле университет түшкөн каражаттын 20 пайызын салыкка төлөйт. Студенттер ректорго 26-декабарга чейин убакыт берип, эгер баа арзандабаса массалык акцияларга чыгууга даяр экенин эскертишти. (EBM)

XS
SM
MD
LG