Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:43

АКШ Ирактан аскерлерин чыгарууну жыйынтыктады


Баш калаа Багдадда Ирактагы аскерий операциялардын соңуна чыккандыгынын белгиси катары америкалык тууну ылдый түшүрүү жөрөлгөсү өтөт. Иракта кызмат кылган 5 жарым миң америкалык аскердин көпчүлүгү өз мекенине жөнөтүлдү. Өлкөнүн коопсуздугун камсыздоо улуттук өкмөткө берилди.

2003-жылдын мартында Иракта аскерий операциялар башталгандан бери 1 жарым миллиондон ашуун америкалык аскерлер катышты. Алардын 4 жарым миңи набыт болуп, дээрлик 30 миң аскер жарадар болгон. 100 миң ирактыктар согуш курмандыктары болду.

АКШ президенти Барак Обама америкалык аскерлер «суверендүү, туруктуу жана өз алдынча Иракты» түзүп кетип жатышкандыгын билдирди. Иракта азырынча 200дөй америкалык аскер кеңешчи катары калууда
XS
SM
MD
LG