Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:09

Кыргыз көркөм өнөр устатынын эл аралык сыйлыгы



Баш кеңсеси Ирандын ордо шаары Тегеранда жайгашкан Экономикалык Кызматташтык Уюмунун (Economic Cooperation Organization, ЭКУ) Маданият институту чыгаан кыргыз сүрөтчүсү жана бедизчиси Жоомарт Кадыралиевге көркөм өнөргө кошкон зор салымы үчүн эң жогорку сыйлыгын – Алтын медалды ыйгарууда.

Сыйлык тапшыруу аземи 16-декабрда саат 16да ЭКУнун баш кеңсесинде жайгашкан дипломаттык сүрөт галереясында заманбап кыргыз сүрөтчүлөрүнүн көргөзмөсүнүн ачылыш салтанаты маалында болот.

Көргөзмөдөгү кыргыз сүрөтчүлөрүнүн чыгармалары 30-декабрга чейин коюлмакчы.

XS
SM
MD
LG