Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:01

Абактарда ачкачылыктын үчүнчү күнү уланууда


Жаза аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Жолдошбек Бусурманкуловдун “Азаттыкка” билдиришинче, Кыргызстандагы жети түрмө жана эки тергөө абактарындагы ачкачылык бүгүн да уланууда. Мындай нааразылыктын башталганына үч күн болду. Соңку маалыматтарга ылайык, түрмөлөрдө ден-соолугу начар жана жашы өтүп калгандардан башкалары тамак ичүүдөн баш тартууда. Азырынча ден-соолугу начарлаган адамдар каттала элек. Расмий маалыматка ылайык, абактагылар түрмөлөрдөгү шартты жакшыртууну талап кылышууда. Кыргызстанда жалпысынан 15 түрмө, 6 тергөө абагы бар. (KKs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG