Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:09

АКШ Сенаты Пакистан жана Иранга байланышкан мыйзам кабыл алды


АКШнын 662 миллиард доллар өлчөмүндөгү каражатын пайдаланылышына укуктук негиз түзгөн коргонуу мыйзамында АКШ Пакистанга берүүчү жардамдын бир бөлүгүн тоңдуруу, ошондой эле Ирандын борбордук банкын бутага алган санкция киргизүү боюнча чаралар да камтылган.

Атап айтканда, Вашингтон Пакистанга ажыратуучу жардамдын 700 миллион доллары АКШнын коргоо министри Конгрессти Пакистан бийликтери Ооганстандагы америкалык аскерлерге коркунуч туудурган нерсе – колго жасалган жардыруучу заттарга каршы кандай күрөшүп жатканы боюнча отчет менен камсыздаганга чейин тоңдурулат.

Ал эми Иран боюнча чара бул мамлекеттин борбордук банкы менен иш кылган чет өлкөлүк каржы институттарына АКШнын санкция киргизүүсүн карайт. Мыйзам президент Барак Обама кол койгондон кийин күчүнө кирет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG