Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:07

“Ата-Мекен” коалицияга кирди


Парламенттеги “Ата-Мекен” фракциясы коалицияга кирүү тууралуу чечим кабыл алды. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган фракциядан депутат Бактыбек Калмаматов билдирди. Буга чейин Социал-демократтар фракциясынын шартына “Республика” менен “Ар-Намыс” фракциялары макул болуп, коалициялык көпчүлүк кураганы жатканы айтылган.

Президент Алмазбек Атамбаев 8-декабрда коалиция түзүү мандатын СДПКга берген эле. Мыйзамга ылайык, мандат тапшырылгандан кийин коалиция 15 күндү ичинде түзүлүшү керек. Коалициялык көпчүлүктүн курамы бүгүн жарыяланганы жатат. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG